Кыргызстандын тоолуу райондорунда 3-6-февраль аралыгында жааган жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
"Бишкек – Ош унаа жолунун 198-265-чакырымдарында Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы, Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 70-107-чакырымдарында, Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 68-113-чакырымдарында Чапчыма ашуусу, Красная-Горка – Акташ унаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталат", - деп айтылат билдирүүдө.
Белгиленгендей, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Мындан улам унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо сунушталды.