Бүгүн, 3-февралда Кыргызстан Дүйшөмбү–Үрүмчү–Дүйшөмбү каттамы үчүн аба мейкиндигин пайдаланууга уруксат берди. Бул тууралуу Кыргызстандын Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, “Сомон Эйр” авиакомпаниясы 8-февралдан 21-мартка чейин Дүйшөмбү–Үрүмчү–Дүйшөмбү каттамы боюнча, ошондой эле 5-февралда Дүйшөмбү-Новосибирск–Дүйшөмбү багыты боюнча каттамдар үчүн Кыргызстандын аба мейкиндигин пайдаланууну суранган.
"Каттамга Boeing 737-800 жана Boeing 737-900 учактары чыгат", - деп айтылат маалыматта.