Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кийинки жыйыны Орусиянын Сочи шаарында өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда кеңештин Алматы шаарында өткөн кезектеги жыйынында белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, кезектеги жыйынды июнь айында өткөрүү пландалууда.
Белгилей кетсек, 2-3-февраль күндөрү Алматыда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйыны өтүүдө.