Бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңеште Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы тарабынан 17 миллион евро каражат алуу боюнча макулдашууну ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Жыйында каржы министринин орун басары Руслан Татиков депутат Адахан Мадумаровго каяша айтам деп тил укту.
Талкуу маалында эл өкүлү Адахан Мудумаров Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын 141 миң 300 евро өлчөмүндөгү комиссиялык төлөмдү кармап калуу маселесин тактады. Мадумаров мурда "откат" деген жүйө менен эсепке албай койгон учурлар болгонун айтып, кредит катары алынчу 14 миллион евро жалпы карыздын суммасына кошулабы деп сурады.
Татиков Мадумаровго үч жолу депутат болгонун, ал арада төрагалык кызматты да аркалаганын айтып, ошол кезде да кредиттер алынганын эске салып, өзү деле шарттарын билерин белгиледи.
Андан соң экөө кайым айтыша кетти:
Мадумаров: - Өкмөт башчыңар баш болуп эле бир нерселерди айтып коёсуңар да, мен үч жолу эмес беш жолу депутат болдум. Кредит кандай шартта алынарын жакшы билем, бирок мындай нерсе биринчи жолу болуп жатат. Мен бул жалпы карыздын ичине киреби деп сурап жатам.
Татиков: - Кредиттердин баарына спикерлер дагы кол коёт, ошон үчүн сиз да мурда алдыңыз...
Мадумаров: - Мен түшүнбөй жатам, төө десем бээ деп жатасың да, айланайын...
Татиков: - Мен улууларды урматтайм, бирок сиздин деле кемсинте бергениңиз жаман...
Ал арада залда отурган депутаттар дагы аткаминердин каяша сүйлөбөшүн талап кылып кыйкырышты. Төраганын орун басары Нурбек Сыдыгалиев Татиковду "сиз айтышканы келдиңизби?" деп зекип, берилген суроого жооп беришин талап кылды.
Мадумаров: - Калган сумманы Кыргызстан кошо төлөйбү деп сурап жатам. Банк өзүнө алып калып аткан акча жалпы карыздын суммасына киреби же кирбейби?
Мадумаров: Ошол албаган акчаны кайра биз кайрып беребизби?
Татиков: - Шарт боюнча беребиз.
Мадумаров: - Мына "жебеген самсага пул төлөйбүз" деген ушул. Экинчиден, Руслан мырза, мен "ГАИшник" эмесмин, антип кыйкырбаңыз. Түшүндүңүзбү?! Бул жерге келгенде мамлекеттик кызматкердин этикасын сактаңыз. Маалыматты так билбегенден кийин оозго келген нерсени сүйлөбөңүз!
Андан соң вице-спикер Сыдыгалиев президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, тартипке чакырып коюуга үндөдү. Абытов экинчи мындай кайталанбай турганын убадалап, Татиков туура эмес мамиле кылганын моюндады. Президенттин өкүлү ошого карабай депутаттардан кредитти колдоп беришин суранды.
Жыйынтыгында эл өкүлдөрү аталган мыйзам долбоорун бир добуштан жактырышты.
Белгилей кетсек, аталган долбоордун максаты - Ош облусунун Кара-Суу жана Араван райондорундагы Араван- Ак-Буура каналын модернизациялоо жана реконструкциялоо боюнча курулуш иштеринин аткаруу экендиги айтылган.
Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында 21 миң гектарга жакын аянтын суу менен камсыздалышы жакшырат. Мерчемделген иштерди жүзөгө ашыруу үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан жалпы суммасы 17 870 000 евро болгон каражат бөлүнүп берилет, анын ичинде кредиттик келишимге ылайык - 14 130 000 евро, гранттык макулдашууга ылайык - 3 740 000 евро.