MBANK Кыргызстандын каалаган банкынын Visa жана ЭЛКАРТ карталарын толуктоо кызматын ишке киргизди

MBANK Кыргызстандын бардык банктарынын Visa жана ЭЛКАРТ банк карталарына заматта акча которуу кызматын ишке киргизди.

Эми бардык MBANK колдонуучулары картанын номери (алдыңкы бетинде 16 цифра) боюнча сутканын каалаган убагында жана бир нече басуу менен ыңгайлуу которууларды жөнөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ!

Колдонуучулардын ыңгайлуулугу MBANKтын артыкчылыктарынын бири, ошондуктан ал кардарлардын ар кандай көйгөйлөрүн чечүүнүн ыңгайлуу жолун курууда өзүнүн горизонтторун кеңейтүүнү улантууда.

Ушуга байланыштуу MBANKта Visa жана ЭЛКАРТ карталарын толуктоо боюнча жаңы кызматта акча каражаттарын которуу процесси жөнөтүүчүлөр үчүн гана эмес, алуучулар үчүн да мүмкүн болушунча жөнөкөйлөштүрүлдү.

MBANK тиркемеси аркылуу онлайн которууну жөнөтүү үчүн эмне талап кылынат?

  1. MBANK'ты ачып, «Төлөмдөр» бөлүмүнө өтүңүз;
  2. «Которуулар» бөлүмүндө «Карта номери боюнча» тандаңыз;
  3. Алуучунун картасынын алдыңкы тарабын сканерлеңиз же картанын номерин кол менен киргизиңиз;
  4. Алуучунун аты-жөнүн латын арибинде (зарыл болсо) жана которуунун суммасын жазыңыз;
  5. Маалыматтарды текшерип, которууну ырастаңыз. Даяр!

Кыргыз Республикасынын башка банктарынын ЭЛКАРТ карталарын толуктоодо комиссия 1%, 1 транзакциянын суммасы 300 000 сомго чейин.

Кыргыз Республикасынын башка банктарынын Visa карталарын толуктоодо комиссия которуунун суммасынан 0,5% (мин. суммасы 50 сом /1$ / 1€ / 50₽), 1 транзакциянын суммасы 300 000 сомго чейин.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык банкынын “MBANK” тиркемеси мобилдик банкингди жүктөөлөрдүн саны боюнча Кыргызстан боюнча лидер бойдон калууда, Google Playде 3 миллиондон ашык жүктөөлөр.

Тиркемени жүктөп алуу: Google Play; App Store.MBANK – Биринчи санарип!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан