Кыргыздын таланттуу уулу, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, белгилүү кино жана театр актёру Марат Жанталиев көзү тирүү болгондо быйыл 3-мартта 62 жашка чыкмак. Анын элеси элдин эсинде театрдагы образдары, “Ак илбирстин тукуму”, “Аталар керээзи”, “Боз салкын”, “Президент жана бомж” сыяктуу тасмалардагы ролдору, алпаруучулук кылган долбоорлору аркылуу калды. “Эрди эр кылган – аял” дейт. Бул жолу биз анын жубайы Асел Дооронбаева менен маектешип, өткөндү эстедик.
Маекти толугу менен «Супер-Инфонун» 24-февралда чыккан жаңы - №1055 санынан окуй аласыз.