Бишкекте Smart Things акылдуу үй тутуму менен Samsung брендшобунун ачылышы болду

Кыргызстанда Samsung S23 жаңы смартфону сатылып баштады! Буга кошумча Бишкекте өлкөдө биринчи жолу Smart Things акылдуу үй тутуму менен Samsung компаниясынын жаңыртылган брендшобунун ачылышы болду. Ушунчалык жагымдуу жана көптөн күткөн жаңылык бекен?!

Брендшоп ЦУМда жайгашкан, ошол жерде салтанаттуу иш-чара өттү. Samsung Electronics Central Eurasia компаниясынын президенти Майк Чу жана Samsung компаниясынын расмий өнөктөшү «Мой Телефон» компаниясынын башкы директору Сергей Мазниченко кызыл тасманы кесип, брендшопту ачышты.

Иш-чаранын катышуучуларына көңүл ачуучу программа жана интерактивдик конкурстар тартууланды, конкурска катышып алар Galaxy Watch4 саатын, Galaxy Buds+ кулакчындарын жана башкы байге – жаңы Samsung Galaxy S23 Ultra смартфонун утуп алышты.

Ушундан кийин алар алгачкылардан болуп Samsung жаңы өнүмдөрү менен таанышты, ал эми Smart Things зонасында күнүмдүк милдеттерди жеңилдеткен жана мүмкүнчүлүктөрдү кеңейткен технологиясын сынап көрүштү.

Кыргызстандагы Samsung компаниясынын расмий дистрибьютери Сергей Мазниченконун айтуусунда, брендшоп 2014-жылы эле ачылган.

«Эми бизде реновация болду: Samsung Кыргызстанда ишин жана чек араларын кеңейтип жатат. ЦУМдагы брендшоптун аянты кеңейтилди. Бул жерге келген аадмдар мурда болбогон нерсени көрө алышат. Биздин кызматкерлерибиз ар дайым керектүү нерсени тандоого жардам беришет. Мобилдик түзүлүштөр жана башка гаджеттер коюлган брендшопто Smart Things системасы берилген, ал акылдуу үйдө бардык Samsung тиричилик техникасынын иштөөсүн айкалыштырат. Бул эми өзүнчө буюмдар гана эмес, бул экосистема: алар чогуу иштейт. Техниканы телефондун жардамы менен күйгүзүүгө жана өчүрүүгө болот, ошондой эле, мисалы, муздаткычта кандай азыктар калганын жана эмнени сатып алуу керектигин текшерүүгө болот», - деди ал.

Сергей Мазниченко жаңы Samsung S23, Samsung S23+ жана Samsung S23 Ultra смартфондору сатылып баштаганын белгиледи.

Бугүнкү күндө Samsung сунуштап жаткан мындай технологиялар мурда болгон эмес. Майда-чүйдөсүнө чейин баса белгилеген жаңы 200 мегапикселдик Adaptive Pixel сенсору; сутканын каалаган убагында укмуштуудай контент жаратуу мүмкүнчүлүгүн берген сериянын бардык моделдериндеги эпикалык камералар; Galaxy үчүн Snapdragon платформасынын аркасындагы дүйнөдөгү эң тез мобилдик графика – бул артыкчылыктардын баарын түзүлүштүн мүмкүнчүлүктөрүн максимум пайдананууга умтулгандар тандашат.

Galaxy S23 сериясында коопсуздук кыйла жакшыртылды. Коргонуу деңгээлинде маалыматтарды коргоону камсыздаган Samsung Knox платформасынан тышкары, жаңы түзүлүштөр Samsung Message Guard күчтүү «кум» куралы менен жабдылган, ал «нөлдүк клик» эксплойтторун пайдалануу менен чабуулдардан коргойт. Бул смартфонго сүрөт жөнөтүү аркылуу маалыматтарга коркунуч келтирген киберчабуулдун жаңы түрү. Samsung Message Guard зыяндуу сүрөттөрдү кармап калат жана коопсуз контентти өткөрөт.

«Жаңы смартфондордо башка процессор дагы орнотулган. Мурда Exynos болгон, эми Snapdragon. Ал чынында күчтүү, баса, бардык эле өлкөлөрдө, анын ичинде Араб Эмираттарында жеткиликтүү эмес. Расмий түрдө сатып баштоого чейин алдын ала буйрутма берүү үчүн Кыргызстанга бөлүнгөн бардык смартфондор сатылып алынды. Баарын талап кетишти! Алар эки жүздөй болчу. Алдын ала буйрутма боюнча аппаратты сатып алгандар Samsung компаниясынан белек алышты. Ал эми жетишпей калгандарга эми смартфонду сатып алуу же бөлүп төлөөнү тариздөө мүмкүнчүлүгү берилет», - деди Samsung компаниясынын расмий өнөктөшү.

Samsung брендинин амбассадору, техноблогер Байгазы Темирбеков дагы жаңы телефон боюнча өз оюн бөлүштү.

«Смартфонду эрте алууга мүмкүн болгонуна кубанып отурам. Мен аны көптөн бери тестирлеп келем. Ар бир кийинки Samsung смартфонунда камера жакшыртылууда. Бардык колдонуучулар үчүн бул эң маанилүү деп ойлйом. Жаңы смартфондун камерасы 10 эсе чоңойтулат! Мен асмандагы жылдызды дагы сүрөткө тарта алдым, алар сүрөттө укмуштуудай көрүнөт экен. Караңгыда сүрөт тартуунун жаңы функциясы пайда болду. Эгерде сиз бардык жерде жарыкты өчүрсөңүз жана караңгы жерде сүрөт тартып көрсөңүз, мыкты сапаттагы ачык, даана сүрөт тартылат. Портреттик видео пайда болду, турукташтыруу жакшырды. Ошондуктан басып баратып, ар кандай видео тартууга болот. Менин алдын ала тестирлөөм боюнча, Samsung S23 Ultra жана толук кандуу видеокамера тарткан видеонун сапатында айырма жок. Буга кошумча аккумулятор мыкты иштейт. Смартфон кыйла ыңгайлуу болуп калды, анткени жээктери чарчы болуп калды. Көпчүлүк жактырган мурдагы дизайн сакталганы жакшы болуптур. Ошондой эле Samsung S23 Ultra смартфонунда кооз маркетингдик түс – күңүрт жашыл айырмаланат. Samsung S23 смартфонунда азыраак, бирок анда палитра көбүрөөк, лаванда жана ачык сары кызгылт түс дагы бар», - дейт Байгазы.

Samsung брендинин башка амбассадору, блогер Адилет Ногойбаев жаңы Samsung S23 смартфонунун кошумча артыкчылыктарын белгиледи.

«Телефон көпчүлүктүн көңүлүн бурдурат. Айланадагылар бул эмне деген телефон деп дайыма сурашат. Аны менен мактанып калам. Ал саркеч. Башка смартфондорго окшобойт. PUBG ойногон балдар менен сүйлөшкөм. Алар смартфондун процессору өтө күчтүү экенин айтышты, ал ысып кетпейт, ал эми бул геймерлер үчүн өтө маанилүү. Шаарыбыздын борборунда брендшоп бар экени кубандырат, ар бир адам бул жерге келип, түзүлүштү кармалап, чукулап көрсө болот. Сатып алуудан мурда бул телефон сизге ылайык келеби карап чыгуу өтө маанилүү. Негизинен Түштүк Корея өтө сапаттуу өнүмдү чыгарат», - деп белгиледи ал.

Эгерде сиз дагы учурдагы смартфонуңзду S23 смартфонуна алмаштырууну кааласаңыз, анда компаниянын брендшобуна келиңиз. Ал ЦУМдун биринчи кабатында жайгашкан. Жанынан кыя өтүү мүмкүн эмес!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан