"Бакай Банк" Улуттук олимпиадалык кураманын мүчөлөрүнө жаңы карталарды тапшырды

“Бакай Банктын” Бишкек шаарындагы башкы кеңсесинде Кыргызстандын олимпиадачыларына жаңы үлгүдөгү банктык карталарды саланаттуу тапшыруу аземи болуп өттү. Спортчулардын мекен менен болгон байланышын чагылдырган, патриоттук маанайда аткарылган өзгөчө дизайн картанын өзөгүн түзөт.

Тапшыруу аземине “Бакай Банктын” башкармасынын төрайымы Нургүл Сатарова, Кыргызстандын Улуттук олимпиадалык комитетинин президенти Садыр Мамытов жана спортчулар катышышты. Алардын арасында күрөш боюнча Олимпиадалык байгеге ээ болушкан даңазалуу үч спортчубуз, ошондой эле дүйнө чемпионатынын, көптөгөн эл аралык мелдештердин жеңүүчүлөрү болуп саналган атлеттер бар.

“Биз ар бириңиздердин жетишкендиктериңизге кылдат көңүл бурабыз жана сиздердин ар бир ийгиликтериңиздер менен чын жүрөктөн сыймыктанабыз. Улуттук олимпиадалык комитет бизге ишеним көрсөтүп, биздин өнөктөшүбүз болуп калганы биз үчүн өтө жагымдуу.

Бакай Банк Кыргызстандын Улуттук оплимпиадалык комитетинин бардык иштерине мурдагыдай эле колдоо көрсөтүүгө даяр.

Сиздердин ар бириңиздер менен көрүшкөнүбүзгө кубанычтабыз. Сиздердин спорттук ийгилигиңиздер республикабызды эл аралык жаңы деңгээлге алып чыгат. Сиздерди Кыргызстандын символу жана ийгиликтер ар дайым коштоп жүрсүн” – деди “Бакай Банктын” башкармасынын төрайымы Нургүл Сатарова өз сөзүндө.

Улуттук олимпиадалык комитеттин башчысы Садыр Мамытов өлкөбүздө спортту өнүктүрүүгө жана даңазалоого банктын кошкон салымы маанилүү экендигин баса белгилеп,

Учурдан пайдаланып, биздин өнөктөш банкыбызга Олимпиадалык кыймылга колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирим кетмекчимин.

2020-жылы “Бакай Банк” спорттун олимпиадалык үч түрүн эки миллион сомго каржылады. Сиздер Кырыгызстандын бардык аймактары боюнча көптөгөн спорттук жана социалдык маанилүү долбоорлорду каржылап келгендигиңиздер бизге белгилүү. Сиздерге ийгиликтерди жана алга карай өсүүлөрдү каалайбыз.

Ушул жылы биздин алдыбызда өлкөбүздүн спорт аянттарында дагы, ошондой эле чет өлкөлөрдө дагы көп сандаган мелдештер белгиленген. Биз сиздер менен биргеликте бардыгыбыз күткөн олимпиадалык ийгиликтерди жакындата алабыз деп ишенебиз – деп аяктады өз сөзүн Садыр Мамытов.

Жаңыртылган карта алышкан Банктын ситендианттарынын катарында аттары бүткүл өлкөбүзгө белгилүү болгон Акжол Махмудов, Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Эрназар Акматалиев, Жоламан Шаршенбеков, Бекболот Мырзаназар уулу, Алибек Осмонов, Кальмира Билимбекова, Денис Петрашов, Владимир Золоев, Нурсултан Кенешбеков, Гулшаной Сатарова, Нурадин Рустамбек уулу, Айпери Медет кызы жана Бекдоолот Расулбеков сыяктуу спортчулар бар.

“Бакай Банк” олимпиадалык гана эмес, республикабыздагы бардык спорттун түрлөрүнө активдүү колдоо көрсөтүп келерин белгилей кетмекчибиз.

Кыргызстанда массалык спортту өнүктүрүү банктын миссияларынын бири жана анын корпоративдик саясатынын бир бөлүгү болуп саналат.

Ушул жазда 23-апрелде Бишкек шаарында адатка айланып калган “Бакай Банк Жаз деми” чуркоосу болуп өтөт. Спортчулар жана 14 жаштан 60+ жашка чейинки бардык спорт сүйүүчүлөр үчүн 5 чакырым, 10 чакырым жана 21,1 чакырым аралыкка чуркоо караштырылган. Алыскы аймактардын жашоочулары үчүн “Аймактык” аталышындагы аралыкка каттоо ачылды, катышуучулар чуркоого өз аймагында онлайн режиминде катышып,финиште медалга ээ боло алышат.

Бакай Банк – өлкөбүз менен бирге!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан