"Кыргыз-Швейцариялык банк" байланыш борборунун ишке киргендиги тууралуу маалымдайт

“Кыргыз-Швейцариялык банк” ЖАК өзүнүн байланыш борборун расмий ишке киргендиги тууралуу жарыялайт. Аралыктан тейлөө борборун ачуу тууралуу стратегиялык чечим кардарлар базасынын активдүү өсүшүнөн жана көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын сактоо зарылчылыгынан улам кабыл алынган. Анткени, ачылган биринчи күндөн тартып банк ар дайым кынтыксыз тейлөөгө жана ар бир кардарын тейлөөдө жекече мамиле жасоого багыт алган.

Алгачкы этапта байланыш борбордун операторлору банктын кардарларына консультация берүүнү жана иш күндөрү саат 9:00дөн 18:00гө чейин келип чыккан маселелерди түшкү тыныгуусуз чечүүнү камсыз кылышат.

Байланыш борбордун кызматкерлери банктын продуктылары жана кызматтары тууралуу суроолорго кеңири жооп берүүгө, эсептердеги калдыктар жөнүндө маалымат берүүгө, картаны бөгөттөөгө, кардарга жакын жайгашкан банкоматты же филиалды сунуштоого, мобилдик же интернет-банкингдин жөндөөлөрүн түшүндүрүүгө жана башка көптөгөн суроолор боюнча жардам берүүгө даяр.

"Кыргыз-Швейцариялык банк" ЖАК байланыш борбору менен bank@ksbc.kg дарегиндеги электрондук почта аркылуу, www.ksbc.kg баракачасындагы чат аркылуу жана телефондор аркылуу байланышса болот:

+996 (312) 54 34 24 (шаардык байланыш)
+996 (705) 54 34 24 («О!»)
+996 (755) 54 34 24 (Megа)
+996 (222) 54 34 24 (Beeline)

Биз байланыш борбор кардарларды тейлөөнүн жогорку деңгээлин кармап турууга гана жардам бербестен, банктын сыймыгы болуп калаарына да ишенебиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан