"Умай Групп" жаш дизайнерлердин чыгармачылыгы үчүн дүкөндөрүнүн фасаддарын тартуулашты

Өлкөдөгү эң ири сатуучу "Умай Групп" Борбордук Азиядагы искусство жана дизайн кесиптеринин биринчи колледжи болгон Compass College студенттери менен биргеликте ишке ашырылган тайманбас чыгармачылык эксперимент жасоону чечти. Жаш дизайнерлердин арасында соода түйүндөрүнүн фасаддарынын заманбап дизайны темасында сынак жарыяланды. Жеңүүчүлөргө сыйлыктар гана эмес, өз идеяларын ишке ашырууга да мүмкүнчүлүк түзүлдү.

1,5 айга созулган эксперимент жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи менен жыйынтыкталды. Сынактын жыйынтыгы уюштуруучулардын да, катышуучулардын да күткөнүнөн мыкты деңгээлде болгондугун белгилейбиз.

"Бул сынак Кыргызстандагы жаш дизайнерлерди колдоо, аларга өзүн таанытуу жана портфолиосун кеңейтүү үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк. Бул өсүп келе жаткан адистер үчүн чоң стимул болуп, аларды кесиптик чеберчиликти өнүктүрүүгө түртөт. Биз катышуучуларды чектеген жокпуз, алардын алдына конкреттүү техникалык тапшырма түрүндө рамка койдук. Биздин негизги талап – максималдуу креативдүү идеялар”, - дейт компаниянын PR-менеджери Бермет Танабаева.

Конкурска 11 жаш дизайнер, Compass College экинчи жана үчүнчү курсунун студенттери катышты. 1,5 айдын ичинде алар 26 уникалдуу чыгармаларды жаратышты. Сынактын дагы бир өзгөчөлүгү – жеңүүчүлөрдү тандоодогу эң олуттуу жана кесипкөй мамиле. Авторлордун ар бири өз идеясын ишке ашыруу менен гана чектелбестен, аны көрсөтө билиши зарыл эле.

"Биз пландаштырган кызматташтык ишке ашканына абдан кубанычтамын. Практика жана кардар менен реалдуу өз ара аракеттенүү - эң мыкты тажрыйба. Дизайнды түзүү аздык кылат – аны көрсөтө билүү керек. Бул жерде башка көндүмдөр маанилүү - коммуникация көндүмдөрү, маркетингди түшүнүү. Бул келечекте биздин студенттерге болуп көрбөгөндөй пайдалуу боло турган нерсе", - деп белгиледи Кыргызстандагы белгилүү дизайнер, колледждин окутуучусу Алексей Лысогоров сыйлык тапшыруу аземинде.

Ар бир идея баалуу, ар бир автор жеңүүчү. "Умай Групп" жеңүүчүлөрдү тандоо оңой болбогонун белгилейт. Мелдештин баштапкы шарты боюнча алардын бешөө болушу керек эле. Бирок, бардык иштер менен таанышып, компания башкача чечим кабыл алды.

"Жигиттер абдан көп иштешти жана бул көрүнүп турат. Чынында эле мыкты чыгармаларды тандоо кыйынга турду. Презентацияларда тандоо жана сыйлык берүү алдында катышуучулардын өздөрүнөн кем эмес тажрыйбага ээ болдук. Баары биз үчүн эң мыкты болуп чыкты”, - дейт компаниянын PR-менеджери Бермет Танабаева.

Биринчи орунду Фатима Абдул Мажиддин чыгармасы алды. Графикалык дизайн факультетинин экинчи курсунун студенти абдан тайманбас идеяны ойлоп тапты.

"Globus" тармагына экология темасында фасад даярдадым. Ал эми "Народный" үчүн өзүнө таандык алманын логотиби, жаңы көрүнүштө берилген. Ал эми мелдештин өзү жана андагы жеңиш мен үчүн кызыктуу болду. Мен жеңишке жетүүнү абдан каалагам жана мен пландагандын баары ишке ашканына кубанычтамын, - дейт ал.

Экинчи орунду Чыңгыз Таштемировдун чыгармасы алды. Ал чыгармасында изометриялык стилдеги фасаддар салттуу оймо-чиймелерди жана заманбапты айкалыштырган.

"Мен Globus дүкөндөрүнүн темасын жаңыча кароону чечтим, салтты сактап, сергектик жана заманбаптык кошуп. Мен үчүн бул биринчи мындай тажрыйба ”, - деп белгилейт автор.

Үчүнчү жеңүүчү – Бексултан Тимуров. Фасаддардын дизайнын иштеп чыгуу менен автор биринчи кезекте аларда сатып алуучулар өздөрү эмнени көргүсү келерин көрсөтүүгө аракет кылган.

"Оптималдуу чечимди табуу үчүн көп убакыт жана күч талап кылынды. Мен биринчи кезекте ата мекендик бренд менен кандай байланышы бар экенин көрсөткүм келди. Мен достордон, тааныштардан сурадым. Бул изилдөөнүн жыйынтыгы менин плакатым болду. Мен абдан кубанычтамын жана толкундандым", - деген жеңүүчү эмоциялары менен бөлүштү.

Сынакта алгачкы үч орунду камсыздаган жеңүүчүлөр акчалай сыйлыкка ээ болушту. Ошондой эле "Умай Групп" мурда макулдашылган чектен чыгууну туура көрдү. Буга байланыштуу жаш дизайнерлердин эч кимиси куру кол кайткан жок. Ар бир катышуучуга акчалай кызыктыруучу сыйлыктар берилди.

Келечекте сынактын 3 жеңүүчүсүнүн эмгектери өлкөдөгү дүкөндөрдүн фасаддарын кооздойт. Ал эми жакынкы аралыкта "Умай Групп" сынактын катышуучуларынын бардык 26 эмгегинен турган көргөзмөнү даярдап жатат. Кыргызстандыктар алардын эмгектерин Globus жана "Народный" дүкөндөрүнүн фасадынан көрө алышат. Анда чыгарманын темасы жана анын автору көрсөтүлөт.

"Умай групп" - биз Кыргызстандын жаштарына колдоо көрсөтүү жана алардын ишмердүүлүгүн ар түрдүү тармактарда профессионалдуу өсүшүнө көмөк көрсөтүү милдетибиз деп эсептейбиз!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан