Beeline'дын коворкинг-борборлору натыйжалуу окууга жана иштөөгө жардам берет

Аудиториядан тышкары окуу жана кеңседен тышкары иш күндөрү биз үчүн көптөн бери көнүмүш көрүнүш болуп калды. Мындай форматтын натыйжалуулугу ички маанайдан да, тышкы факторлордон да көз каранды. Үй шарттарында тиричилик же үй-бүлөлүк иштер алаксытышы мүмкүн, кафеде жана кофейняда тынч эмес, ал эми китепканаларда, тескеринче, өтө эле катуу тартип сакталат. Эгер сиз акыл эмгеги үчүн ылайыктуу жана жеткиликтүү жерди издеп жаткан болсоңуз, Beeline Кыргызстан сизди акысыз коворкинг-борборлоруна чакырат.

Beeline'дын коворкинг-борборлору — бул окуу жана иштөө үчүн эң зарыл болгон шарттар түзүлгөн ыңгайлуу жайларда. Алардын эшиктери, жашына жана ишмердүүлүк түрүнө карабастан, бардык каалоочулар үчүн ачык. Компания Кыргызстан боюнча ушундай үч жерди уюштурган:

  1. Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университетиндеги (Политех) коворкинг биринчи болуп пайда болгон. Beeline аны 2018-жылы КМТУнун илимий-техникалык китепканасынын базасында ачылган. Капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин бул жер жаңырып, ыңгайлуу креативдүү жайга айланган. Компания бул борборду бардык зарыл болгон нерселер менен: компьютердик техника, проектор, эмерек жана сапаттуу Интернет менен жабдыган. Коворкинг бардыгы үчүн ачык. Аны өзгөчө студенттер сабактарга же экзамендерге даярдануу, долбоорлор менен иштөө жана идея алмашуу үчүн жигердүү колдонушат.

Дареги: Бишкек ш., Ч. Айтматов проспекти, 66 (264-каб).

Иш тартиби: дүйшөмбүдөн жумага чейин 8:00дөн 17:00гө чейин.

  1. Жалал-Абад облустук китепканасынын базасындагы коворкинг өлкөнүн түштүгүндө 2019-жылы пайда болгон. Компания оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп, Интернетке жеткилиги менен стационардык компьютерлерди орнотуп, ыңгайлуу стилдүү эмерек коюп берген. Ошондон бери Beeline-дын ыңгайлуу иштөө жайы аймактын жашоочулары үчүн инновацияларга жана билимге акысыз жеткиликти камсыздап келет.

Дареги: Жалал-Абад шаары, Ленин аянты, 20.

Иш тартиби: дүйшөмбүдөн жумага чейин 8:00дөн 17:00гө чейин.

  1. Алыкул Осмонов атындагы № 9-китепкананын базасындагы коворкинг өткөн жылдын жай мезгилинен тарта иштейт. Ага чейин ачылган борборлордой эле, ал эстетикалык жасалгасы менен кубандырып, натыйжалуу иштөө үчүн бардыгын сунуштайт. Келүүчүлөр ишенимдүү жабдууларды, компьютердик техниканы, эмеректерди жана жана жогорку ылдамдыктагы Интернетти колдоно алышат. Жалпыга жеткиликтүү жерде ыңгайлуу жайгашкандыктан, коворкингге мектеп окуучуларынан баштап пенсионерлерге чейинки бардык жаштагы адамдар эркин келе алышат.

Дареги: Бишкек ш., Чүй проспекти, 111.

Иш тартиби: дүйшөмбүдөн жумага чейин 8:00дөн 17:00гө чейин.

Beeline-дын борборлору акысыз иш жайларын тартуулайт. Ошондой эле бул жерде англис тили жана компьютердик сабаттуулук курстары, ЖРТга даярдык, китеп окуучулардын клубдары жана көптөгөн башка билим берүүчү жана тематикалык иш-чаралар да өткөрүлөт. Жакынкы арада боло турган иш чаралар тууралуу маалымат Instagram социалдык тармагындагы @qoothub жана @beeline_kyrgyzstan («Актуалдуу» — «Коворкинг» бөлүмдөрүндө) баракчаларында жайгаштырылат.

Beeline жаңы мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан