Чеченстандык мушкер Зубайра Тухугов UFC уюмунан четтетилди. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.
Бул Тухуговдун акыркы ийгиликсиз беттешине байланыштуу. Ошондой эле 32 жаштагы эки жолу катары менен салмак өлчөөдөн өтпөй калган. 2022-жылдын октябрында ал жеңил салмак категориясында Лукас Алмейда менен беттешиши керек болчу. Бирок Зубайра Тухугов талап кылынган салмак ченин аткара алган эмес.
Экинчисинде ал 12-февралда "UFC 284" турниринде салмак өлчөөдөн өтпөй калган. Андан соң ал бразилиялык Элвес Бреннерге утулуп калган.