Футбол: Өзбекстанга кеткен курамга кошулбай калган Бекназ Алмазбеков билдирүү жасады

Жаракат алып калгандыгына байланыштуу 20 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпиондугуна барбай калган "Ак шумкарлардын" чабуулчусу Бекназ Алмазбеков Кыргыз курамасына ийгилик каалады.

"Жаракатыма байланыштуу бул турнирге катышпай калганыма абдан өкүнөм. Жигиттер, мен силерге ишенем. Силер бул турнирде өлкөбүздү эң мыкты даражада көрсөтөсүңөр. Ийгилик силерге!", - деп жазып калтырды футболчу.

Кечээ, 1-мартта коңшу Өзбекстанда 20 жашка чейинкилер арасындагы футбол боюнча Азия чемпиондугу старт алды. Бул чемпионатка Кыргызстан курамасы дагы катышат. Алар алгачкы оюнун эртең, 3-мартта Сауд Арабия курамасына каршы өткөрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jam77
2023-03-02 21:30:00
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан