Футзал боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Орусия менен беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзу кабарлады.
Беттеш 6-7-март күндөрү Бишкектеги Арча-Бешик конушунда жайгашкан "Газпром-балдарга" спорт комплексинде өтөт.
Мындан тышкары, 18 жашка чейинки футзал боюнча улуттук курама команда Орусиянын 18 жашка чейинки улуттук курамасы менен кез келет. Бул оюндар дагы 6-7-март күндөрү өтөт.
Белгилей кетсек, футзал боюнча Кыргыз улуттук курама командасы учурда Ысык-Көлдө окуу-машыгуу жыйынын өткөрүүдө.