Кыргызстандын күрөш боюнча бир нече жолку чемпиону Сарыгул Чекиров каза болду

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, эмгек сиңирген машыктыруучу Сарыгул Абакирович Чекиров бүгүн, 2-мартта 87 жашка караган курагында дүйнөдөн өттү.

Сарыгул Чекиров Чүй облусунун Кемин районунун Чым-Коргон айылында 1936-жылы туулган. 1959-жылы ал Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун аяктаган. 1958-жылы ага “СССР спортунун чебери” наамы ыйгарылган.

1964-жылы эркин күрөш боюнча Кыргыз ССРинин курама командасына жетекчилик кылган. СССР элдеринин Бүткүл союздук 1 жана 2-спартакиадаларына катышып, экөөндө тең чемпиондук наамды жеңип алган.

1964-1968-жылдарда Каракол педагогикалык институтунда машыктыруучу мугалим болуп иштеген жана Ысык-Көл өрөөнүндө спорттун бул түрүн өнүктүрүүгө жеке салымын кошкон.

1968-жылы кайрадан эркин күрөш боюнча республиканын курама командасын жетектөөгө чакыртылып алынган жана бул кызматта 1971-жылга чейин эмгектенген.

Сарыгул Чекиров улуттук күрөш, грек-рим күрөшү, эркин күрөш боюнча Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону. 1990-жылы спорттун бул түрүнө салымы үчүн ага Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген машыктыруучусу, ал эми 2000-жылы Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер ардак наамдары ыйгарылган.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Сарыгул Чекировдун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
jam77
2023-03-02 14:53:00
кайгы....
0
udoqawje
2023-03-02 15:15:00
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан