О! компаниясы зумер жана альфа муундарынын көз карашында. Биз 14 жаштабыз!

Бүгүн Кыргызстандын эң көрүнүктүү жана драйвдуу бренддеринин бири – О! Мобилдик оператору 14 жылдыгын белгилеп жатат.

Өздөрүн смартфонсуз элестете албаган жана учурда дагы эле мектепте билим алып жаткан альфа муунунун өкүлдөрү болжол менен ушундай эле жашта. Ал эми төрөлгөндөн баштап колуна телефон кармап чоңойгон зумерлер муунунун университетти аяктап жаткан учуру. Биз О! компаниясын жаңы мобилдик технологиялардын ичинде төрөлүп-өскөндөрдүн көз карашы менен карап көрүүнү чечтик.

О! – технологиялуу

«Жаңы технологиялар – биздин жашообуз!», – Денис.

«Тренддердин эч биринен артта калбашыбыз керек», – деп колдоду аны Нурислам.

О! – алдыңкы технологияларды биринчилерден болуп ишке киргизип келет: 2014-жылы мобилдик интернетти он эсе ылдамдатуу менен 4G түйүнүн жайылтты. 2016-жылы – мобилдик телевидение киргизилди, ал эми 2022-жылдын август айында 5G технологияларын тесттен өткөрө баштады.

«Мен 4 жылдан бери профессионалдуу сүрөт менен алектенип келем. Жаныма накталай акча алып жүрбөгөнгө аракет кылам. Смарфонумдун болгону жетиштүү – кардарлар менен эсептешүүлөрдү «О!Деньги» аркылуу ишке ашырам», – дейт Катя.

Бүгүнкү күндө «Мой О!» тиркемесиндеги «О!Деньги» капчыгынын ээлери өздөрү үчүн NFC (англ. Near Field Communication — «жакынкы таасир байланышы») технологиясынын мүмкүнчүлүктөрүн ачууда – смартфонду кассадагы чипке жакындатып, төлөмдү көз ирмемде ишке ашырууга болот, жана бул жерде эч кандай накталай каражат же банк картасы талап кылынбайт!

О! – тез иштейт

«Мага контенттин кызыктуу же кызыксыз экенин түшүнүш үчүн 5 эле секунд жетиштүү», – деп бөлүшөт Линда.

«Мен үчүн дагы ылдамдык өтө маанилүү», – деп Миша кубаттады.

Ookla 2019 версясы боюнча, О! - «Эң тез иштеген мобилдик түйүн». Бир жолу сыйлыкка ээ болгон соң, компания ар дайым ал сыйлыкка татыктуу болууга умтулуп келет. «Бул жерден да Ошка кармайт экен!», – деп жазышат туристтер бийик тоолорду аралап жүрүп. Катары менен бир нече жылдан бери оператор 4G LTE түйүнүн камтуусу жана сыйымдуулугу боюнча лидерликти бербей келе жатат. О! Мобилдик оператору өлкөнүн калк жашаган аймагын 100% камтууга жетише алды. Бирок О! муну менен токтоп калган жок – 2022-жылы эле дагы 200гө жакын базалык станция курулуп, сыйымдуулук +16,5%га өстү.

О! – персоналдуу

«Мен өзүмө жаккан нерселерди гана көрөм жана угам», – дейт Адель.

«Зумерлер» жана «альфалар» баарын өз нугуна буруп, жеке кызыкчылыгына тууралоо мүмкүн болгон дүйнөдө жашашат. Ушул себептүү индивдуалдуу мамилени баалашат. Алар акылдуу алгоритмдердин жардамы менен видеолордун же музыкалардын тизмеси мурунку көрүп же угуп чыккандардын негизинде пайда болоруна көнүп калышкан. Популярдуу «Переходи на О!» тарифтеринин баарында «Яндекс Плюс» катталуусундагы Яндекс.Музыка сервиси дал ушундайча иштейт – плейлист автоматтык түрдө түзүлөт. Эмнени көрө турганын тез чечүүгө сунуштар жана жанрлар боюнча көңүл ачуучу мүнөздөгү O!TV тиркемеси жардам берет.

О! – көрүнүктүү жана заманбап

Зумерлер менен альфалар – бул тик-ток жана видеоконтенттердин муундары, булар мурунку муундардан өтө эле айырмаланып турган уникалдуу мүнөзгө жана максат-милдеттерге ээ жаңы адамдар. Дал ушул муундардын өкүлдөрү жасалма интеллект менен биригүүнү пайда кылууга, санариптешүүнү өздөштүрүүгө жана ылдамдык ичинде жашоого умтулушат – жаңы дүйнөнүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн пайдалана алышат. Ал эми О! аларды ар дайым колдоону жана коштоону уланта бермекчи!

Камкор О!

Бүткүл дүйнөлүк желенин таасири күн санап өсүп жаткандыгына байланыштуу, О! Мобилдик оператору балдардын интернеттеги онлайн коопсуздугун биринчи орунга койду. O! Safe Kids сервиси жаш балдар менен өспүрүмдөрдү кооптуу контенттерден коргоого жардам берет жана шектенүү жараткан бардык жагдайлар тууралуу дароо ата-энеге кабар берет.

О! 14 жашта

Биздин жалпы командабыз бир гана жөнөкөй чындыкка ишенет: жакындардан, достордон жана алар менен баарлашуудан артык эч нерсе жок. Жана мындай мүмкүндүк ортодогу аралыкка карабастан, ар бир жаран үчүн жеткиликтүү болууга тийиш. Күн сайын биз татаалды – жөнөкөй, технологиялууну – жеткиликтүү кылууга, муундардын башын бириктирүүгө колубуздан келген аракетти жумшап келебиз. 14 жылдан бери бизге ишенип жана биз менен бирге келе жаткан ар бир абонентибизге «РАХМАТ!» деп айткыбыз келет.

КР МБТМК караштуу МБА лицензиялары: «НУР Телеком» ЖЧК №16-0062-КР, №16-0063-КР.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан