"Рухий-Мурас" жаңы конушунда жаратылыш газы өчүрүлөт. Себеби – "Кырман" жаңы конушун газдаштыруу

«Бишкекгаз» шаардык газ кызматы 6-марттан 7-мартка чейин буга чейин газдаштырылбаган «Кырман» жаңы конушун бирдиктүү газ тармагына кошуу иштери жүргүзүлөөрүн маалымдайт.

Аталган иштерге байланыштуу «Рухий-Мурас» жаңы конушунда убактылуу жаратылыш газын берүү токтотулат.

«Бишкекгаз» түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт. Ошондой эле абоненттерди аталган убакыт аралыгында энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт. Аткарыла турган иштер «Кырман» конушундагы 667 турак-үйдү газдаштыруу максатында жасалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан