Кыргызстандын футболчулары Азия кубогунун биринчи оюнунда жеңилип калды

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы (20 жашка чейинкилер) Азия кубогундагы биринчи оюнда жеңилип калды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу маалымдады.

Белгилүү болгондой, алгачкы беттеште спортчулар сауд арабиялык футболчулар менен кез келген. Анын жыйынтыгы менен 0:1 эсебинде утулуп калган.

Өлкөнүн курама командасы тайпалык этаптын алкагында дагы эки беттеш өткөрөт. 6-мартта Япониянын курамасы менен кез келсе, 9-мартта Кытайдын футболчулары менен оюн талаасына чыгат.
Азия кубогу 1-мартта Өзбекстанда башталган. Мелдеш 18-мартка чейин уланат. Ага 16 команда катышып жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
yudau
2023-03-03 22:05:00
багынба....
0
jam77
2023-03-04 09:31:00
Эң негизгиси жакшы ойноону улантуу....
0
udoqawje
2023-03-04 14:07:00
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан