Ошто биринчи жолу “Таэквон-до ITF” боюнча Кыргызстандын кубогу өтүүдө

Бүгүн, 4-март күнү Ош шаарында 5-17 жаштагы спортчулар арасында “Таэквон-до ITF” боюнча өлкө кубогунун ачылышы болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Кабарлангандай, турнирдин ачылыш аземине Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, “Таэквон-до ITF” федерациясынын президенти Юрий Тэн, Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин өкүлдөрү катышты.

Турнирге өлкөнүн 7 облусунан, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынан 400гө жакын спортчулар катышууда.

Мелдештин максаты – дене тарбия жана спортту кеңири жайылтуу, Кыргызстанда спорттун ар кандай түрлөрүн өнүктүрүү, мыкты таэквондочуларды аныктоо жана өлкөнүн курама командасын түзүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
yudau
2023-03-04 21:55:00
Мен колдойм.....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан