Бүгүн, 4-мартта Болгариянын София шаарында өтүп турган Dan Kolov-Nikola Petrov мелдешинде грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов биринчи беттешин жеңиш менен баштады.
Маалымдалгандай, 77 килограмм салмак категориясында мелдештин үчүнчү күнүндө килем үстүнө чыгып, беттешти квалификациялык баскычтан баштады.
Анын биринчи атаандашы норвегиялык Жоан Аак болуп, Махмудов аны 6:1 эсебинде утуп алды.
Эскерте кетсек, эл аралык мелдеш 2-мартта башталган. Ал эми 6-март күнү жыйынтыкталат. Анда Кыргызстандын намысын 4 спортчу коргоп жатат. Алар: Жоламан Шаршенбеков (60 килограмм); Амантур Исмаилов (67 килограмм); Акжол Махмудов (77 килограмм); Үзүр Жусупбеков (97 килограмм).