Валентина Шевченко титулун сегизинчи ирет коргой албай калды. Бул жолу ал мексикалык Алекса Гроссо менен Лас-Вегаста UFC 285 турниринин алкагында күч сынашты.
Белгилүү болгондой, Грассо кыргызстандыкты 4-раундда муунтуу ыкмасы менен жеңип алды.
Өткөн жылы Шевченко чемпиондук курун коргогон беттештеринин саны (жети) боюнча аялдар арасында рекорд койгон. Акыркы ирет Сингапурда бразилиялык Тайла Сантосту жеңип алган.