Балбан Жоламан Шаршенбеков Болгарияда өткөн эл аралык турнирде алтын утту. Ал 60 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты.
Маалымдалгандай, Dan Kolov - Nikola турниринин финалында Шаршенбеков Польшадан келген атаандашын 6:0 эсебинде утуп алды.
Балбан мелдештин 1/8 финалынан баштап күчүн сынаган. Ал буга чейин эки балбанды жеңип, жарым финалда ирандык балбанды 10:2 эсебинде утуп алган болчу.
Аталган мелдеште Акжол Махмудов да финалга жолдомо алган.
Эскерте кетсек, эл аралык мелдеш 2-мартта башталган. Ал эми 6-март күнү жыйынтыкталат.