UFC: Валентина Шевченко канча гонорар алганы белгилүү болду

Кечээ, 5-мартта АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн "UFC 285" турниринин катышуучуларынын гонорары белгилүү болду.

UFC уюмунун оор салмактагы чемпиондук куру үчүн күрөштө франциялык Сирил Ганды жеңген америкалык мушкер Жон Жонс турнирдеги эң көп гонорарды алды. Ага жеңиши үчүн жалпы 7 миллион доллар берилди (3 миллион доллар кепилдик төлөм жана 4 миллион доллар бонус).

Ал эми кыргыз мушкери Валентина Шевченко турнирге катышканы үчүн 800 миң доллар (500+300) алган.

Валентина Шевченко бул турнирде мексикалык Алекса Грассого утулуп калган. Анын атаандашы беттештин 4-бөлүгүндө муунтуу ыкмасы менен жеңишке жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан