"Сөзүмдү килемде айтам". Акжол Махмудов жеңишинен кийин билдирүү жасады. Власов ага жооп берди

Белгилүү кыргыз балбаны Акжол Махмудов Болгариянын борбору София шаарында өткөн рейтингдик турнирде алтын медаль уткандан кийин билдирүү жасады.

"Бул биздин сезондун жаман эмес башталышы. Алдыда бизди оңой эмес жол күтүп турат. Роман Власов мен сага бара жатам", - деп жазды Акжол Махмудов социалдык тармактагы баракчасына.

Өз кезегинде Роман Власов Акжол Махмудовду жеңиши менен куттуктады.

"Акжол жакшы күрөштү. Жеңишиң менен куттуктайм. Биздин жолугушуубузга 7 жума калды. Сенин ага мыкты формада келишиңди каалайм. Ал эми калган сөздөрдү килемге чыкканда айтам", - деп жооп берди Власов.

Акжол Махмудов менен орусиялык балбан Роман Власов коңшу Казакстандын Алматы шаарында 26-апрелде беттешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан