"Атаандаштар дөө-шаалар". Бүгүн "Ак шумкарлардын" футболчулары дагы, футзалчылары дагы беттешет

Бүгүн, 6-мартта Бишкектеги "Газпром балдарга" спорт комплексинде футзал боюнча Кыргыз улуттук курамасы менен Орусия курамасы кез келет.

Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 21:00дө башталат. Ага чейин саат 18:00дө 18 жашка чейинки эки улуттук курама команданын футзалчылары ойнойт.

Ошондой эле бүгүн коңшу Өзбекстанда өтүп жаткан 20 жашка чейинкилер арасындагы футбол боюнча Азия чемпиондугунун алкагында Кыргыз курамасы оюн өткөрөт. Анда "Ак шумкарлар" Япония менен кез келет.

Бул оюн Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан