Яндекс Go кызматы Токмок жана Кара-Балта шаарларында жаңыдан ишке кирди

Яндекс Go Токмок жана Кара-Балта шаарларында ишке кирди. Унаага буюртма берүү үчүн тиркемени жүктөп, ал аркылуу даректи так көрсөтүү керек. Бул кызмат колдонуучу турган жерди геолокация аркылуу өзү аныктайт жана тез убакытта келе турган айдоочуну табат.

Эки шаарда тең жол кире баасы 39 сомдон башталат. Мисалы, Токмок шаарында автобекеттен Ж.Баласагын атындагы Кыргыз-Түрк лицейине баруу 62 сомдун тегерегинде болсо, Кара-Балта шаарындагы Жайыл баатырдын эстелигинен автобекетке чейин 72 сом болот. Сиз накталай акча менен да, тиркемеде көрсөткөн банк картаңыз менен да төлөй аласыз.

"Мындай кызматтын ишке кириши Токмок жана Кара-Балта шаарларынын тургундарына күнүмдүк жумуштарын аткарууну тездетет. Биздин технологиянын жардамы менен унаа таап берүү убактысы бир топ кыскарат. Ошондой эле колдонуучулар дагы тиркемедеги бир катар ыңгайлуулуктарды баалай алышат. Алсак, жолдо жүрүүнүн чоо-жайын көрүү, сүйүктүү адамыңызга унаага буюртма берүү, кайсы убакытта буюртма кылуу пайдалуураак экенин билүү. Биздин кызмат жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген компания жана айдоочулар үчүн буюртмалардын агымын жана кирешени көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн камсыздайт", - дейт Яндекс Go кызматынын Кыргызстандагы аймактык менеджери Тилек Сулайманов.


Бул сервисте күнү-түнү иштей турган онлайн-колдоо кызматы бар. Эгерде колдонуучу айдоочуга нааразы болсо, унаада бир нерселерди унутуп калса же суроо бергиси келсе, тиркеме аркылуу колдоо кызматына кайрыла алат. Аларга ошол замат жардам берилет.
Яндекс Go Кыргызстанда 2017-жылдын күз айларында пайда болгон. Бул кызматты аталган эки шаардан тышкары Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Караколдо колдонсо болот. Акысыз тиркеме iOS жана Android колдонуучулары үчүн кыргыз, орус, англис жана башка тилдерде жеткиликтүү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Asmat84
2023-03-06 13:49:00
Урматтуу Токмок жана Кара Балта шаарынын такси айдоочулары! Акылыңар болсо бул еврейдин таксисин шаарыңарга киргизбегиле! Комиссиясын очойто толойсунор посадкасы 39 сом км 6 сом ошондо шаарды айланып чыгасыңар 62 сом аласыңар андан 19% комиссия төлөйсүңөр ошондо 50 сом менен шаардын ар жагынан бер жагына жүрөсүңөр бензиндин баасы асманда тетиктериңер асманда анан 50 сомго бир нерсе келеби? Эч качан яндекс таксини иштетпегиле
+1
MAKALAK
2023-03-06 14:26:00
Мамлекет да чара коробу Яндексге Ошто посадка 19сом Комиссия алат очойтуп 500сом бензин куюп 700сом иштедим 200сомго иштейсин кечке.Заказдар 25сомдон да болот.
+1
Asmat84
2023-03-06 14:38:00
MAKALAK биздин чоңдор кырышовайтетип турат ошондуктан яндекс каалаган баасын коё берет. Мамлекетке бир сом салык төкпөй миллиарддаган сомдорду чыгарып кетип атат. Азыр бир жөнөкөй жаран бир камок ачса очойто налог салат. Мындай гилтейген фирмаларга мамлекет эч кандай чара көрбөйт. Себеби өздөрү башында турушат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан