Кыргызстандын хоккей боюнча курамасы дүйнө чемпиондугунун III дивизионунда жеңүүчү болду

Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы хоккей боюнча Дүйнө чемпиондугунун III дивизионунун В (Б) тайпасында жеңүүчү болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдирди.

Маалыматка ылайык, мелдеш 27-февралдан 5-мартка чейин Босния жана Герцеговинанын Сараево шаарында өтүп, ага алты команда катышты.

Алар Кыргызстан, Гонконг, Сингапур, Малайзия, Иран жана Босния жана Герцеговина өлкөлөрүнүн курама командалары. Мелдеште командалар өз ара ойноп, жыйынтыгында гана жеңүүчү аныкталды.

Кыргызстан алгачкы беттешинде Сингапур курама командасын 14:2 эсебинде, Босния жана Герцеговина курамасын 10:1, андан соң Малайзия курамасын 22:0 эсебинде утту. Ал эми Иран командасын 18:0, акыркы беттеште Гонконг курама командасын 12:2 эсебинде жеңип, жеңүүчү болду.

Кыргызстан курама командасы эми III дивизиондун А тайпасына жолдомо алат. Бул дивизиондун оюндары апрель айында өтөт.

Белгилей кетсек, 2022-жылы кыргызстандык хоккейчилер Бишкекте VI дивизиондун жеңүүчүсү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан