Кыргызстандык 3 спортчу таяк тартыш боюнча эл аралык мелдеште 4 алтын медаль тагынды

Кыргызстандын таяк тартыш (мас-рестлинг) боюнча улуттук курама командасы АКШда өткөн Arnold Classic эл аралык мелдешинде 4 алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 3-5-март күндөрү Огайо штатынын Коламбус шаарында өтүп, ага Кыргызстандын атынан үч спортчу катышкан.

Кыз-келиндер арасында 75 килограмм салмак категориясында катышкан Дилбара Иманкулова, 95 килограмм салмакта Азамат Асанов алтын медалга ээ болду. Ал эми Келдибек Атайбек уулу 120 килограмм салмак категориясында жана абсолюттук салмакта дагы алтын байгени багындырган.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан