Ушул күндөрү коңшу Өзбекстанда 20 жашка чейинкилер арасында футбол боюнча Азия чемпиондугу өтүүдө.
Кыргыз курамасы Азия чемпиондугунда дөө-шаа командалар менен бир тайпага, тагыраагы "D" тайпасына түшүп калган. Бул тайпада "Ак шумкарлардан" сырткары Япония, Сауд Арабиясы жана Кытай бар.
Экинчи турдун жыйынтыгы боюнча Кыргыз курамасы 0 упайы менен тайпада акыркы орунда келе жатат. Кыргыз футболчулары алгач Сауд Арабияга 1:0, Японияга 0:3 эсебинде жеңилген. Бирок бул тайпадан чыкпай калды дегенди билдирбейт.
Кыргыз курамасында дагы да болсо тайпадан чыгууга мүмкүнчүлүк бар. Кийинки оюнда Япония Сауд Арабиясы менен, Кыргыз курамасы Кытай менен кез келет.
Эгерде Сауд Арабиясы Японияга жеңилип, биз Кытайды 2 гол айырмачылыгында утсак, тайпадан чыгууга мүмкүнчүлүк бар.
Кыргыз курамасы менен Кытай курамасы 9-мартта кез келет.