Франциянын "ПСЖ" футболдук клубу Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалынын жооптук оюнунда германиялык “Бавария” клубуна утулуп, турнирдин кийинки баскычына өтө албай калды.
Мюнхенде өткөн оюн 2:0 эсебинде талаа ээлеринин пайдасына аяктады. Голдорду Эрик Шупо-Мотинг (61-мүнөттө) жана Серж Гнабри (89) киргизди. Оюнга париждик чабуулчулар Лионель Месси менен Килиан Мбаппе негизги курам менен кирди. Неймар жаракатынан улам беттешке катышкан жок.
Парижде өткөн бул эки команданын биринчи беттеши 1:0 эсебинде мюнхендиктердин пайдасына аяктаган. Эки жолугушуудан кийинки жалпы эсеп 3:0 болуп, "Бавария" Чемпиондор Лигасынын чейрек финалына чыкты.
"ПСЖ" экинчи сезон катары менен Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалынан чыгып калды. Өткөн жылы француздар бул этапта эки оюндун жыйынтыгы боюнча "Реал Мадридге" жол бошотушкан.