Бүгүн, 9-мартта Өзбекстанда өтүп жаткан 20 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпиондугунун алкагында кыргыз футболчулары Кытай курамасына каршы ойнойт.
Бүгүнкү оюн Кыргыз курамасы үчүн өтө маанилүү. Бүгүнкү оюнда "Ак шумкарлар" атаандашын 2 гол айырмачылыгында утуп, Сауд Арабиясы Японияга жеңилсе тайпадан чыгууга мүмкүнчүлүк бар.
Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө старт алат.