Өзбекстанда өтүп жаткан Азия кубогунун үчүнчү беттешинде Кыргызстандын жаштар курамасы (U-20) Кытайдын командасы менен оюн талаасына чыкты. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.
Белгилүү болгондой, эки команданын беттеши 1:1 эсебинде аяктап, Кыргызстандын жаштар курамасы 1/4 финалга чыкпай калды.
Азия кубогу 1-мартта башталган, 18-мартка чейин уланат. Ага 16 команда катышууда.