Орусиянын футбол союзу (РФУ) футбол боюнча Орусия курама командасын Борбор Азия футбол ассоциациясынын (CAFA) биринчи чемпионатына катыштыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, CAFA турнири ушул жылдын июнь айында Ташкентте жана Бишкекте өтөт. Учурда Орусия курамасы бул турнирге катышуу үчүн CAFA уюму менен сүйлөшүү жүргүзүүдө.
CAFA'га Ооганстан, Иран, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан сыяктуу өлкөлөр кирет.
Эске салсак, өткөн жылы ФИФА менен УЕФА орусиялык бардык командаларды уюмдардын көзөмөлүндөгү мелдештерге катышуудан четтеткен.