Күрөш: Европа чемпиондугунда Франциянын атынан жалаң чечендер катышат

Франциянын эркин күрөш боюнча курама командасы 23 жашка чейинки жаштар арасындагы Европа чемпиондугуна карата тизмесин жарыялады. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Франция курамасы толугу менен чечен спортчуларынан турат, алар бир нече салмак категориясында өлкө намысын коргойт.

Тагыраагы, Адам Бибулатов 61 килограмм салмакта Франциянын атынан күрөшөт. Ошондой эле Хамзат Арсамерзуев 65 килограмм , Мухаммад-Амин Сангариев 70 килограмм , Магомед Делиев 74 килограмм , Рахим Магомадов менен Адлан Висханов 86 жана 92 килограмм салмакта Франциянын атынан чыгат.

Күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Европа чемпиондугу бүгүн, 13-мартта старт алды. Мелдеш Румыниянын Бухарест шаарында өтүүдө. Орусиялык спортчулар Украинадагы кырдаалга байланыштуу чемпионатка катышкан жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан