Бишкек шаарындагы "Аккула" ат майданында Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча республикалык мелдеш башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 13-мартта жалпы жети оюн болуп, экинчи жана биринчи лиганын курама командалары беттешти.
Биринчи күндүн жыйынтыгы:
Экинчи лига:
"Ак-Суу" жана "Аккула" - 0:2;
"Кара-Балта" жана "Тянь-Шань" - 5:0;
"Көк-Жал" жана “Ак-Илбирс" — 3:1;
Биринчи лига:
"Ысык-Ата" жана "Ачы" - 2:1;
"Кемин" жана "Саякбай-Ата" - 3:0;
"Жаштык" жана "Өзгөн ынтымагы" - 5:4;
"Бишкек Четинде" жана "Бакай-Ата" - 3:2.
Бүгүн, 14-мартта оюнга чыга турган курама командалардын тизмеси:
Саат 9:00-9:55 - "Теңир-Тоо" - "Сары-Өзөн Чүй" (40 жаш);
Саат 10:00-10:55 - "Жалал-Абад " - "Жети дубан" (40 жаш);
Саат 11:00-11:30 катышуучулардын парады:
Саат 13:00-14:30 "Сары-Өзөн" - "Ак-Шумкар" (жогорку лига);
Саат 14:30-15:25 "Ардагерлер" - "Ысык-Көл" (40 жаш);
Саат 15:30-16:25 "Сары-Өзөн Бишкек" - "Талас" (40 жаш);
Саат 16:30-17:25 "Ош шаары " - "Суусамыр" (40 жаш).