"Казакстандан тапшырам". Атактуу мушкер америкалык паспорттон баш тартты

Атактуу ММА мушкери Жефф Монсон АКШ паспортун өткөрүп берет. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, мушкер АКШ паспортун АКШнын Казакстандагы элчилигине барып тапшырат. Анын айтымында, учурда Москвада жайгашкан АКШ элчилиги документтерди кабыл албайт, ошондуктан Казакстанга барууга туура келет.

"Казакстандагы элчиликте документтеримди жана америкалык паспортумду тапшырам. Мен мындан ары АКШга барбайм жана бул өлкөнүн атынан мелдештерге катышпайм", - деп кошумчалаган ал.

Эске салсак, мушкер буга чейин АКШ жарандыгынан баш тартууну пландап жатканын билдирген. Анын себеби катары Америка Кошмо Штаттарынын саясатын атады. Буга чейин Монсон Орусиянын паспортун алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан