Акжол Махмудовдун Алматыдагы беттеши: Бул турнирде дагы бир кыргыз балбаны Дүйнө чемпиону менен күрөшөт

26-апрелде Алматы шаарында өтө турган "Поддубный лигасынын" алкагында кыргыз балбаны Тайырбек Жумашбек уулу орусиялык балбан Абасгаджи Магомедов менен күрөшөт.

Эки балбан 61 килограммга чейинки салмак категорияда күч сынашат.

Абасгаджи Магомедов орусиялык белгилүү балбан. Ал 2021-жылы Осло шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда алтын байге уткан. Ошол эле жылы Варшавада өткөн Европа чемпиондугунда чемпион аталса, 2020-жылы Белградда өткөн Дүйнө Кубогунда алтын байге уткан.

Белгилей кетсек, ушул эле турнирде атактуу орусиялык балбан Роман Власов менен "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси, Дүйнөнүн учурдагы чемпиону Акжол Махмудов кез келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан