"Лоббисттер". Депутат Бекешев кесиптештерин сынга алды

Кечээ, 16-мартта Жогорку Кеңеш кабыл алган Салык кодексин өзгөртүү мыйзамында айкостун (электрондук тамеки) акциздик салыгы эки эсе арзандатылды. Бул тууралуу эл өкүлү Дастан Бекешев айтып чыкты.
Ал социалдык тармактагы баракчасына пост жазып, кесиптештерин сынга алды.
"Парламентте айкос жеңди. Эми айкос сатуу менен алектенген жападан жалгыз компания азыркыдан 300 миллион сомго аз салык төлөйт. Көпчүлүк депутаттар менин сунушумду четке кагып, Акылбек Түмөнбаевдин жана бир компаниянын сунушун колдошту. Мага каршы добуш бергендер - лоббисттер, улуттун саламаттыгынан да акча маанилүү болуп калды", - деди Бекешев.
Ошондой эле ал Түмөнбаевдин айкоско салыкты кыскартуу сунушу боюнча "макул" деп добуш бергендер тамеки сатуудан өлкө бюджетине түшүүчү каражатты 300 миллион сомго кыскартып, бир компаниянын салыгын 2 эсеге азайтышканын кошумчалады.
Белгилей кетсек, Дастан Бекешев айкосту да тамеки сыяктуу ар бир даанасын эсептеп салык салууну сунуштаган. Бирок Акылбек Түмөнбаев айкосту салмагына карап салыгын эсептөөнү демилгелеген. Себебин ал электрондук тамекинин зыяндуулугу тамекиден үч эсе төмөндүгү менен түшүндүргөн.
Ортодо талаш жаралып, төрага эки депутаттын тең сунушун добушка койгондо, Түмөнбаевдин демилгеси колдоо тапкан.
Депутат Бекешев буга чейин электрондук тамеки саткан компаниялардын бири өзүнүн кызыкчылыгын ар кайсы депутатка кайрылуу менен коргоп жатканын билдирген. Аны менен катар Түмөнбаев лобби кылып жатканын кыйыткан болчу.
Жогорку Кеңеш 16.03.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан