"Унаалар арабага окшоп эптеп каттачу". Аксыда 9 жылдан бери каралбай калган жол оңдолду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн тургуну ЭЛДИК КАБАРга кайрылды. Ал аталган айылдагы көп жылдан бери каралбай калган жол оңдолуп жатканын айтты.

"Жерге-Тал айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Капчыгай айылынын районго каттаган жолу 8-9 жылдан бери каралбай калган. Унаалар арабага окшоп калдырап, эптеп каттап жүрүшкөн. Жолду оңдоо Сарымсаков Жалын, Мамытов Асан, Шадыканов Керим, Арзыматов Таланттын демилгеси менен бул иш ишке ашты. ЖТБнын жетекчиси техника бөлүп берип, миграцияда жүргөн жаштардын жана айыл тургундарынын жардамы менен күйүүчү майды куюп, жапа тырмак иштешти. 6 чакырым жолду сүрүп, шагыл төгүп тегиздетишип, жол калыбына келтирилди. Айыл тургундары жаштардын кылган ишине ыраазы болуп кубанычтарына чек жок", - деди ал.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Аксыда 9 жылдан бери каралбай калган жол оңдолду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан