Бүгүн, 17-мартта Швейцариянын Ньон шаарында Чемпиондор Лигасынын 2022/2023 сезонунун 1/4 финалына чүчү кулак таштоо аземи өттү.
Чүчү кулактын жыйынтыгы:
"Реал Мадрид" - "Челси";
"Бенфика" - "Интер";
"Манчестер Сити" - "Бавария";
"Милан" - "Наполи";
Чейрек финалдын биринчи беттештери 11-12-апрелде, жооптук оюндар 18-19-апрелде болот.
Ал эми Чемпиондор Лигасынын финалы 10-июнда Стамбулдагы Ататүрк атындагы Олимпиада стадионунда өтөт.