Орусия Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунун президент Владимир Путинге карата чыгарган чечимин тааныбайт. Бул тууралуу журналисттерге орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.
"Биз суроонун формулировкасынын өзүн чектен чыккан жана кабыл алынгыс деп эсептейбиз. Орусия бир катар мамлекеттердей эле бул соттун юрисдикциясын тааныбайт. Демек, мындай чечимдер Орусия үчүн мыйзамдын көз карашынан алганда жараксыз болуп саналат", - деген ал.
Кечээ, 17-мартта Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Орусиянын президенти Владимир Путин менен Орусиянын балдардын укуктары боюнча акыйкатчысы Мария Львова-Белованы камакка алууга ордер бергендиги кабарланган.
Соттун билдирүүсүндө Путин менен Львова-Белова "Украинанын оккупацияланган аймактарынан Орусия Федерациясынын аймагына калкты (балдарды) мыйзамсыз депортациялоо менен байланышкан согуш кылмыштары үчүн жооптуу" деп айтылат.