"Кыргыз болчусуң, америкалыктар багып алышкан". Жастин Гэйтжини кыргызстандыктар жапа-тырмак колдоп чыгышты

Эртең, 19-мартта Лондон шаарында "UFC 286" турнири өтөт.

Бул турнирде атактуу америкалык мушкер Жастин Гэйтжи менен Кыргызстандын атынан чыгуудан баш тарткан мушкер Рафаэль Физиев кез келет. Учурда кыргызстандыктар америкалык мушкерди жапа-тырмак колдоп, Гэйтжинин социалдык тармактагы баракчасына Кыргызстандын желегин калтырышууда.

Бир күн мурун Жастин Гэйтжи инстаграмдагы баракчасына Рафаэль Физиев менен бетме-бет чыккандагы сүрөтүн жарыялаган. Бул сүрөт 12 миңге чукул билдирүү алды. Анын дээрлик бардыгын кыргызстандыктар жазышып, Кыргыз желегин калтырышып, америкалык мушкерди колдоого алышууда.

"Жастиндин чыныгы аты Жаасын экен негизи, кыргыз болгон деген имиштер да айтылып келет, жайлоодо кымыз ичип чоңойгон өзүбүздүн эле сары жигит экен да көрсө. Алга, Жаасын";

"Жастин азамат, өзү Нарындан болот";

"Жастин сен төрөлгөндө абдан кубандым эле, ут эми";

"Сен негизи кыргыз болчусуң, сени америкалыктар багып алышкан. Алга, Жастин";

"Ал чын эле кыргызмынбы деп ойлонуп баштаса керек";

"Эртең сенден сөзсүз жеңиш күтөбүз" деген билдирүүлөрүн жазышууда кыргызстандыктар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан