Кадамжайда 55 жаштагы кишиге бычак сайганга шектүү кармалды

Баткен облусунун Кадамжай районунда 55 жаштагы жаранга бычак сайганга шектелип 33 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, Үч-Коргон айылынын 55 жаштагы Ю.Ф. аттуу тургуну миздүү нерседен денесинен жаракат алып, аймактык ооруканага түшкөндүгү тууралуу маалымат милицияга түшкөн.

Бул маалымат электрондук журналга катталып, иликтөө иштеринин жүрүшүндө милициядан качып жүргөн Масалиев айылынын тургуну, 33 жаштагы А.Ж. аттуу жаран кармалды.

Учурда кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (Бейбаштык) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталып, кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоо жайына киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан