Түркияда эртең менен жаңы жер титирөө болду

Бүгүн, 18-март күнү эртең менен Түркиянын түштүк-чыгышындагы Кахраманмараш провинциясында күчү 4,8 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Европа-Жер Ортолук деңиз сейсмологиялык борбору билдирди.

Жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 05:14тө катталган. Жер титирөөнүн очогу Гёксун шаарынан төрт чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан. Очок эки километр тереңдикте жаткан.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу азырынча маалымат жок.

Түркиянын түштүк-чыгышында 6-февралда күчү 7,7 жана 7,6 баллга жеткен жер титирөөлөр болгон. Жер титирөө өлкөнүн 11 провинциясында жана коңшулаш мамлекеттерде, анын ичинде Сирияда да сезилген. Түрк бийлиги жер титирөөнү “кылымдын катастрофасы” деп атады, өлкөдө дээрлик 48 миңден ашык адам жер титирөөнүн курмандыгы болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан