Самат "Кыргыз" Флойд Мейвезердин көз алдында атаандашын утту

Дубайдагы Agenda Arena спорткомплексинде өткөн Hardcore Boxing турниринде белгилүү кыргыз мушкери Самат Абдырахманов (Самат "Кыргыз") аргентиналык атаандашы Николас Давид Веронду жеңип, чемпиондук курдун ээси болду.

3 бөлүккө созулган беттеште Самат Абдырахманов калыстардын чечими менен (39:35) жеңүүчү аталды.

Муну менен Самат Абырахманов 30 күндүн ичинде эки беттеш өткөрүүгө жетишти. Кыргыз мушкери 24-февралда "Hardcore" уюмунун муштум менен мушташуусунда Мартин Жуарян менен чемпиондук наам үчүн беттешкен. Бирок беттеш тең чыгуу менен аяктаган.

Дубайда өткөн бул турнирге атактуу жеңилбес мушкер Флойд Мейвезер конок катары катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан