Ошто алгачкы ирет окуучулар арасында шахмат боюнча өлкө биринчилиги өтүүдө (фото)

Бүгүн, 20-мартта Ош шаарында мектеп окуучулары арасында шахмат боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, турнирге республиканын бардык аймактарынан 7 жаштан 17 жашка чейинки балдар жана кыздар арасынан 400 спортчу катышууда. Алар 7 жаш категориясы боюнча таймашат. Чемпионат 20-26-март аралыгында өтөт.

Мындай турнир Ош шаарында биринчи жолу уюштурулуп жатат. Чемпионат ФИДЕнин эл аралык эрежелерине ылайык өткөрүлөт.

Турнирдин жеңүүчүлөрү жана байге ээлери дипломдор, медалдар, кубок жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышат, ошондой эле өлкөнүн шахмат боюнча балдар курама командасына кире алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан