Ханзаада Гарри АКШда жашоо укугунан ажыратылышы мүмкүн

Ханзаада Гарри АКШда жашоо укугунан ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ханзаада Гарри өзүнүн эскерүүлөрүндө мыйзамсыз тыюу салынган заттарды колдонгонун моюнуна алган. Ал бул кадамын жаш кезинде жасаган катачылыгы экенин айтып түшүндүргөн.

Аталган маселе боюнча юридикалык эксперт Неама Рахмани мыйзам баарына бирдей экенин айтып, бул жагдайда ханзааданын падышанын үй-бүлөсүнөн экендиги эске алынбай тургандыгын билдирген.

“Ханзаада Гарри тыюу салынган заттарды колдонгонун мойнуна алганы үчүн виза берүү четке кагылышы же жокко чыгарылышы керек болчу. Анткени баңгизат адатта виза берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналат”, - дейт Рахмани.

Ал эми ханзаада Гарри эскерүүлөрүндө, апасы ханбийке Диана көз жумгандан кийин баңгизат жана спирт ичимдигин колдоно баштаганын жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан