Футбол боюнча Дүйнө чемпиону карьерасын жыйынтыктады

Германия курама командасы менен 2014-жылдагы дүйнө чемпиону болгон футболчу Месут Озил 34 жашында футболдук карьерасын жыйынтыктады. Бул тууралуу футболчу социалдык тармактагы баракчасына жазды.

34 жаштагы жарым коргоочунун акыркы клубу "Стамбул Башакшехир" болуп калды. Ага чейин Озил "Фенербахче", "Арсенал", "Реал Мадрид", "Вердер Бремен" жана "Шальке" клубдарында ойногон.

"Реал Мадриддин" курамында Озил чемпиондукту, Кубокту жана Испаниянын Суперкубогун жеңген. "Арсенал" менен бирге ал 4 жолу Англия Кубогун жана 1 жолу Суперкубокту жеңген. Ал ошондой эле Германия курама командасы менен Дүйнө чемпиону болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан