Малайзияда 12 жаштагы актриса Путери Рафасия жосунсуз тамашадан кийин баспай калды

Малайзияда 12 жаштагы актриса Путери Рафасия жосунсуз тамашадан кийин баспай калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 2023-жылы 22-февралда драмалык сериал тартуу учурунда, тартуучу аянтчага келгендердин бири Рафасияны "тамашага салам" деген ойдо ал отурган үстөлдү тартып жиберген. Жаш актриса жакын жерде турган жабдууга бели менен урунуп, жамбаш сөөгү сынып, майыптар арабасына отуруп калган. Бул окуядан кийин ал өз алдынча дааратканага бара албай, жалаяк кийип жүрүүгө мажбур. Андан сырткары, Рафасия заарасын кармай албай, кошумча дарылануудан өткөн.

Путери Рафасиянын апасы Фатин Ализ Салминин айтымында, кызынын абалы жакшыра элек. "Бул каргашалуу окуя Рафасияга физикалык жактан гана эмес, психологиялык жактан дагы оор жаракат алып келди" дейт Салми.

Ал эми кызды жосунсуз тамашасы менен бул абалга жеткирген адам жана анын үй-бүлөсү дагы алардан кечирим сурашкан эмес. Такталбаган маалыматтарга караганда, актрисанын абалы кесиптеши менен байланыштуу экени айтылат.

Учурда актрисанын үй-бүлөсү социалдык тармактарда кызынын башынан өткөргөн окуясы менен бөлүшүп, анын реабилитациядан өтүп жаткан процесси боюнча колдонуучуларга үзгүлтүксүз маалымат берип турушат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан