Орусияда орус тилин начар билген мигранттарга айып салына башташы мүмкүн

Орусиянын Ички иштер министрлиги өлкөдө жашаган мигранттарга "тил рейтинги" төмөн болгону үчүн айып пул салууну сунуштоодо. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.

Сунушта айтылгандай, жазанын өлчөмү коноктордун орус тилин билүүсүнө жараша болушу керек. Мындан тышкары, орус тилин жакшы билген мигранттарга салык боюнча жеңилдиктер каралышы мүмкүн.

"Тил рейтинги мигрант адам өлкөгө адаптация болгондон кийин же идентификациялык картаны алган күндөн тартып бир айдан үч айга чейин киргизилиши керек. Айып салуу тил рейтинги төмөн болгондорго стимул болот", - деген Орусиянын Ички иштер министрлигинин Миграция боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Валентина Казакова.

Ошондой эле ал сунушта орус тилин жакшы билгендерге салык боюнча кандай жеңилдиктер каралып жатканын айтты. Айтымында орус тилин билүүнүн негизги деңгээли үчүн 10 пайыз, орточо деңгээл үчүн 15 пайыз, эң жогорку - 20 пайыз, ал эми орус тилин мыкты өздөштүргөн мигранттарга 50 пайыздык жеӊилдиктер каралып жатканын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан